Жогоруда сөз кылынган текст жана
графикалык редакторлор адатынча
Реквизиттер деп аталган программалык топко кошулушат. Алардан
сырткары бул топко төмөнкү прикладдык жана сервистик программалар кириши мүмкүн
(1-сүрөт):
-калькулятор;
-календарь;
-картотека;
-саат;
-медиаплеер;
-символдор таблицасы ж.б.
Калькулятор.
Системада эки түрдүү калькулятор
иштейт: стандарттык жана илимий (инженердик). Жөнөкөй (стандарттык) калькулятор
(2-сүрөт) арифметикалык эсептөө амалдарын аткаруу жана алардын жыйынтыктарын
эсте тутуу, түрдүү программаларга кийирүү (Редактирование,
Копировать, Вставить) ж.б. кызматтарды аткара алат, ал эми илимий
калькулятор болсо, татаал, илимий-инженердик, статистикалык, логикалык
эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн дайындалган.

Калькулятор
менен иштөө ыкмасы кадимки калькуляторлордон анча деле айырмаланбайт, бирок аны
башкаруу клавиатура аркылуу да, «чычкан» системасы аркылуу да жүргүзүлөт. Андан
сырткары төмөнкү (кадимки калькуляторго жат) аракеттерди эске тутуп алган
жакшы.
2-сүрөт. Калькулятор
Калькулятор клавишасы
|
Компьютер клавишалары
|
Мааниси
|
sqrt
|
@
|
Квадраттык тамыр чыгаруу
|
l/x
|
r
|
Сандын
тескери чондугу
|
=
|
= же <Enter>
|
Жыйынтык
чыгаруу
|
+/-
|
F9
|
Сан
белгисин өзгөртүү
|
СЧ
|
DEL
|
Өчүрүү
|
С
|
ESC
|
Жыйынтыктарды
өчүрүү
|
ПО
|
CTRL-L
|
Эс мейкиндигин тазалоо
|
ИП
|
CTRL-R
|
Эсте сакталган маанини чакыруу
|
ЗП
|
CTRL-M
|
Санды эске сактоо
|
П+
|
CTRL-P
|
Эс маанисине санды кошуу
|
Калькулятор ондук эсептөө системасынан сырткары экилик,
сегиздик, он алтылык системаларын да колдойт.
Календарь.
Календарь эки тартипте иштейт – айлык жана күндөлүк.
Календарды «секретарь» катары карасак болот.
Себеби ал күндөлүк же бир айдын ичинде боло турган иштерди, жолугушууларды өз
учурунда эскертип турат. Бул кызматтар Будильник
аркылуу жүргүзүлөт жана алардын баарын принтер аркылуу басып алса да болот.
Картотека.
Картотека – бул алфавиттик тартипте жайгашкан
карточкаларды элестеткен чакан файлдар терими. Аны фамилиялар, даректер,
телефондор, кыскача кабарлар, каталогдор ж.б. жазуу үчүн колдонсо болот (3-сүрөт).
Картотека терезесинин өлчөмүн өзгөртүүгө
болот, бирок карточкалар өлчөмдөрүн өзгөртө албайбыз. Карточкаларга чакан
сүрөттөр, башка файлдардан жана программалардан алынган текст, чийме ж.б.
кийирүү да каралган.
3-сүрөт. Картотека.
Жаңы
картотекаларды ачуу Карточка→Добавить меню
буйругу же F7 клавишасы аркылуу жүргүзүлөт. Аларды өчүрүү же калыбына келтирүү үчүн
Удалить, Восстановить буйруктары пайдаланылат. Картотеканын бөркү
Редактирование→Заголовок буйруктары же F6 клавишасы
аркылуу пайда болуучу диалогдук терезеге жазылат.
Картотекаларды тандоо же биринен
бирине өтүү курсорду башкаруучу клавишалар аркылуу жүргүзүлүп, текст, сүрөт,
чийме ж.б.
менен иштөөдө кадимки текст редакторлорундагы ыкмалар колдонулат. Аларды сактоо,
басып чыгаруу буйруктары, негизги, Файл
менюсунда жайгашкан.
Эгерде, компьютер Hayes
тибиндеги модем менен камсыздалган болсо, анда картотекада жазылган
телефондорго автоматтык түрдө коңгуроо чалуу мүмкүнчүлүгү да бар.
Саат.
Экранга саат
жебелүү жана цифралык
болуп эки түрдө чыгарылат. Бул тартиптер Параметры
менюсунан тандалып алынат (4-сүрөт). Алардын өлчөмдөрү колдонуучунун ыктыярына
жараша болуп, экрандын каалаган жеринен орун алышы мүмкүн.
4-сүрөт. Жебелүү сааттын көрүнүшү.
Медиаплеер.
Бул түзүлүш MIDI стандартында үн чыгарып, ырларды
аткарат жана аудио- жана видеодисктерди ойнотуу үчүн системага орнотулган MCI (Media Control Interface – медиа башкаруу
интерфейси)
түзүлүштөрүн башкарат (5-сүрөт).
5-сүрөт. Медиаплеер
Медиаплеер иштеши үчүн системада үн картасы
жана тийиштүү драйвер орнотулушу керек.
Үн жазуу.
Үн жазуу системасы да медиаплеер талап кылган
түзүлүштөргө муктаж болуп, микрофондун жардамында
иштейт (6-сүрөт). Жазылып алынган файлдар Медиаплеерде ойнотулушу мүмкүн.
6-сүрөт. Үн жазуу
системасы.
Сүрөттөрдөн
көрүнгөндөй, медиаплеердин да, үн жазуу түзүлүшүнүн да, меню системасынан
тышкары, кадимки магнитофон сыяктуу эле башкаруу кнопкалары
бар.
7-сүрөт. Символдор таблицасынын фрагменттери
Символдор таблицасы.
Бул таблица түрдүү документтер,
китеп, газета ж.б. жасалгалоодо абдан керектүү (7-сүрөт.). Тандалып алынган
символ Закрыть буйругунан кийин курсор турган жерге коюлат.
8-сүрөт.
“Параметры” менюсунун буйруктары.
Кээбир учурларда Главная
программалар тобунан Установка Windows (Windows Setup) белгиси аркылуу (8-сүрөт) системаны
кайра орнотуу же системанын кандайдыр бир параметрлерин өзгөртүү муктаждыктары
туулат.
Жогоруда сөз кылынган кыскача
маалыматтардын баары Windows З.хх версияларына таандык. Алардын көпчүлүгүн, айрыкча
Жумушчу топтор (for Workgroup) үчүн чыгарылган
версиясынын кызматтарын,
бул китепте чагылдырууга мүмкүнчүлүк жок, бирок берилген көрсөтмөлөр менен Windows системасында кыйынчылыгы жок иштей
берүүгө болот.








Комментариев нет:
Отправить комментарий